Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өтө катуу таасир этүү, жанына батуу, намысына келтирүү. Бул сөз жеке ал эмес, далайына бычактай тиет (Ашымбаев). Тамашага жооткоткону менен алардын айткандары мага бычактай тийди («Ала-Тоо»). 2. Жакпай калуу, терс таасир этип козгоп коюу (көбүнчө тамак-аштын жагыштуу болбой калышына карата). Сүрсүгөн эт экен, ашказанга бычактай тийди.